Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:56

Рахманкул хан тууралуу көргөзмө ачылды


Рахманкул хандын 100 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөнү Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев сөз сүйлөп ачты. Мамлекеттик тарых музейинде өтүп жаткан бул маданий саамалыкка Рахманкул хандын Түркияда жашаган журтунан да коноктор келишти.

Рахманкул хандын 100 жылдыгына арналган салтанатта ошондой эле Рахманкул хандын өмүр-таржымалы, ар тарапка чачыраган ооган кыргыздарынын өтмүшү жана азыркы жашоосу тууралуу “Азаттыктын” кабарчысы Жаңы Жусупжан тарткан “Улуу Памир” даректүү тасмасы көрсөтүлөт.

Айрым булактарга караганда, Рахманкул Жапаркул уулу Мургабдын Медиян аймагындагы Тамчы-Жар деген кыштоосунда 1913-жылы төрөлгөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG