Роза Айтматова жана Аскар Айтматов үй-бүлөлөрү менен Сталиндик репрессиянын курмандыктары жаткан “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине барып, куран окушту. Ошондой эле алар комплекстеги Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүнө да гүл коюп, анда курулуп жаткан күмбөздүн курулушу менен таанышты.
Бишкектин түштүк тарабындагы “Ата Бейит” мемориалдык комплекси турган жерге 75 жыл мурун Кыргызстандын 138 чыгаан уулу совет бийлигинин “Эл душманы” деген жарлыгы менен атылып өлтүрүлгөн. 53 жылдан кийин алардын сөөгү казылып алынып, сый-урмат менен кайра жерге берилген.
1938-жылы 5-7-8-ноябрь күндөрү атылгандардын арасында Төрөкул Айтматов, Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Ишеналы Арабаев ж.б. кыргыз интеллигенциясынын анабашылары болгон.(AKu/ZKo)