Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:00

“Кыргызгаз” Казакстанга 13.7 млн. доллар карыз


Кыргызстан жыл аягына чейин Казакстандан 1000 куб көгүлтүр от үчүн 224 доллардан төлөй турган болду. “Кыргызгаз” ишканасынын башкы директору Тургунбек Кулмурзаевдин өкмөттүк жыйында билдиргени боюнча газдын акысы алдын ала төлөнөт. Бүгүнкү күнү Кыргызстан көгүлтүр от үчүн Казакстанга 13.7 млн. доллар карыз.

“Кыргызгаз” ишканасы Орусиянын “Газпром” компаниясына сатуу боюнча эки тараптуу макулдашуу учурда парламент кароосунда. Кулмурзаев жыйында макулдашууну ратификациялоого ЖК каржы жана бюджет комитетинен каршылык болуп атканын кошумчалады.

Кыргызстан жаратылыш газын импорттогон Казакстан жана Өзбекстан менен келерки жылга көгүлтүр от сатып алуу маселесин сүйлөшө элек. Ал эми “Кыргызгазды” Орусияга сатуу тууралуу келишим Жогорку Кеңеш менен Думанын макулдугун ала элек.(ZKo)

XS
SM
MD
LG