Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:14

Атамбаев: Түрк кызматташтыгына маани беребиз


Бул тууралуу КР президенти Алмазбек Атамбаев 8-ноябрда Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгы кеңешинин Башкы катчысы Халил Акынжыны кабыл алган учурда билдирди. Жолугушууда кызматташтык кеңешинин ишмердүүлүгү тууралуу кеп болду. Алмазбек Атамбаев түрк кызматташтыгын бардык багыт боюнча жандандырууга жана түрк элдеринин маданий, гуманитардык жана экономикалык кызматташтык жагына өзгөчө маани берээрин билдирип, Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгы кеңешине Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдык мааракесине арналган “Ысык-Көл форумун” уюштурууга көмөктөшкөнү үчүн ыраазычылык айтты.

"Жолугушууга Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгы кеңешинин баш катчысынын орун басары Адахан Мадумаров да катышты",- деп маалымдайт президенттин басма сөз кызматы.(ZKo)

XS
SM
MD
LG