Президент Алмазбек Атамбаев Эмомали Рахмонду Тажикстандагы президенттик шайлоодо утуп чыкканы менен куттуктады. Телеграмма бүгүн жиберилгенин Президенттик аппараттын басма сөз кызматынан маалымдашты.
Тажикстанда мамлекет башчыны шайлоо 6-ноябрда өттү. Анда Рахмон 83 пайыздан көп добуш алган. Аны менен бул ирет коомчулук жакшы билбеген беш талапкер таймашты. Рахмон өлкөнү 21 жылдан бери башкарат.
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочулары Тажикстандагы президенттик шайлоо “тынч, бирок саясий плюрализм, реалдуу тандоо такыр болбогон абалда өткөнүн” белгилешүүдө. (SE)