Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:20

Керри Ирандын тышкы иштер министри менен жолугат


Кошмо Штаттардын Мамлекеттик катчысы Жон Керри Женевага келип, Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф менен жолугат. Бул тууралуу америкалык жогорку даражадагы мамлекеттик кызматкер NBC (Эн-Би-Си) жана СNN (Си-Эн-Эн) телеканалдарына билдирген.

Бейшембиде Женева шаарында Иран менен АКШ, Орусия, Британия, Франция жана Германиянын өкүлдөрү Тегерандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүүнү кайра баштады. Евробиримдиктин маалымат катчысы Майкл Манн Женевада Ирандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүүлөр өтө интенсивдүү маанайда өтүп жатканын айтты.

NBC (Эн-Би-Си) каналы билдиргендей, Жон Керри Женевага мурда пландалбаган сапар жасап жаткандыгына караганда, Иран менен маселелер жакынкы арада чечилиши мүмкүн.

Маалыматтарда АКШ мамкатчысы Европа Биримдигинин тышкы иштер мекемесинин башчысы Кэтрин Эштондун чакыруусу менен барууда.

XS
SM
MD
LG