Эртең Кыргызстанда жаштар күнү белгиленет. Президент өз куттуктоосунда жаштардын коомдогу ролун белгилеген:
"Акыркы жылдары жаштар саясатка аралаша баштаганы абдан кубандырат. Ишкерликте да өзүн көрсөтө алган жаштарыбыз арбын. Биз жаштардан татыктуу элита даярдоого милдеттүүбүз. Сиздерге ишенебиз. Биргелешип, өлкөбүздүн тынчтыгын жана туруктуулугун сактап, жаркын келечек үчүн эмгектенүүбүз зарыл. Кыргызстанды заманбап, өнүккөн өлкө кылууга колдон келген күч-аракетти жумшайлы".
Жаштар саясатын өнүктүрүү максатында 2002-жылы 10-ноябрь Кыргызстанда Жаштар күнү деп бекитилген.
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, Кыргызстан калкынын 40 пайыздан ашууну жаштар. Жаштар саясатынын негиздери тууралуу мыйзамда жаш деп 14төн 34 жашка чейинкилер айтылат.
2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин Кыргызстанда жаштар саясаты менен иштеген министрлик түзүлгөн. (AKu)