Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:06

Лавров жана Тиммарманс гринписчилер тууралуу сүйлөштү


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москвада Нидерландиянын тышкы иштер министри Франс Тиммарманс менен кездешти. Сүйлөшүү "Гринпистин" активисттерин Орусияда камакка алуудан улам ортодо пайда болгон чыңалууну жеңилдетүүнү көздөйт.

Москва жума күнү Нидерландияны 17-сентябрда Орусиянын Арктика бөлүгүндө кара май казууга каршы "Гринпис" өткөргөн акцияны токтоткон жок деп сындаган. Акцияга байланыштуу 28 табият коргоочу жана эки журналист камакка алынган. Алар азыр тергөө абагында отурат.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Нидерландияны айыптоосун "Гринпис" уюму Амстердамда катталганы менен түшүндүрдү. Орусия Эл аралык деңиз сотундагы гринписчилер боюнча угууга баруудан баш тарткан. Угуу Нидерландиянын өтүнүчүнө ылайык өткөрүлүүдө.

XS
SM
MD
LG