Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:29

Жакынкы Чыгышта 20 миллиондон ашык бала сарыкка каршы эмделет


Сирияда жана коңшу өлкөлөрдө сарыктын же полиомиелиттин жайылуусун токтотуу үчүн 20 миллиондон бала эмделет. Бул жөнүндө Бириккен улуттар уюмунун Балдар фонду маалымдады. Себеби чөлкөмдө 14 жылдан соң кайра сарыктын вирусу жайылганын Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдирди.

Эки жылдан бери жарандык согушту баштан кечирип жаткан Сириянын түндүк чыгышында октябрдын аягында сарык менен ооруган он бала катталгандан үч-төрт күн өтпөй эле эмдөө өнөктүгү башталган болчу.

Сарык нерв системасына зыян келтирип, адамды шал кылып койчу жугуштуу оору. Анын вирусу адамдарга булганч азык-түлүк жана суу аркылуу жугат.

XS
SM
MD
LG