Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:09

Президент Янукович кайрадан Владимир Путин менен сүйлөшөт


Украинанын президенти Виктор Янукович эки аптага жетпеген убакта экинчи жолу Орусия президенти Владимир Путин менен кездешкени Москвага барат.

Москвадагы кездешүүдө “ноябрдын аягында Вильнюста болчу Чыгыш Европа өнөктөштүгү саммити алдындагы эки өлкө арасындагы соода-экономикалык мамилелер талкууланат", деп кабарлады украин президентинин сайты.

Бул саммитте Украина Европа биримдиги менен Ассоциациялык мүчөлүк жөнүндөгү келишимге кол коюшу ыктымал. Буга Москва каршы жана Украинанын Орусия башындагы Бажы биримдигине кирүүсүн каалайт.

Янукович жана Путин 25-октябрда КМШ өлкөлөрүнүн Минскидеги саммити тушта, андан соң 27-октябрда Сочиде жолугушкан эле.

XS
SM
MD
LG