Ирандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүү уланууда. Женевада үчүнчү күн өтүп жаткан сүйлөшүүгө Ирандын жана Р5+1 тобуна кирген АКШ, Кытай, Британия, Орусия, Франция жана Германиянын тышкы иштер министрлери келген. Евробиримдиктин тышкы иштер комиссары Кэтрин Эштон бүгүн Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф жана Франциянын тышкы иштер министри Лорна Фабиус менен жолукту. Эштондун өкүлү Фабиус кабарчыларга “мен биз макулдашууга жетишебиз деп ишенем. Бирок азыр арада маанилүү маселелер калууда”, - деп билдирди.
Башка сүйлөшүүлөр ар кандай формада болору айтылууда. Бирок дипломаттар дүйшөмбү күнү тараптар бир пикирге келерине анча ишене беришпейт. Ирандын Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктеги өкүлү Реза Нажафи МАГАТЭ менен келишимге дүйшөмбү күнү агенттиктин башчысы Юкиа Амано Тегеранга барганда кол коюлат деген ишеничин билдирди.
Дүйнөнүн алты кубаттуу өлкөсү эгер Тегеран ядролук программасын өнүктүрүүнү токтотсо, Иранга каршы санкцияны жеңилдеткенге макул экени кабарланган. Батыш Иран атомдук бомбанын үстүнөн иштөөдө деп шектенет. Иран программасы тынчтык максатын гана көздөгөнүн айтып келет.