Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:13

Филиппин катуу бороондон термелүүдө


Филиппиндин тарыхындагы эң кубаттуу тайфундардын бири “Хаян” жүздөгөн адамдардын өмүрүн алды. БУУнун гуманитардык агенттигинин маалымдашынча, жума күнү ортолуктагы Лейте жана Самар аралдарын каптаган бороон 2004-жылы Индия океанында болгон цунамидей эле кыйроолорду алып келди.

Саатына 315 чакырым ылдамдык менен жорткон шамал бийиктиги 3 метрге жеткен толкунду жаратты. “Анын зыяны ченемсиз чоң”, - деп билдирди агенттиктин табигый апааттарга баа берчү командасынын башчысы Себестьян Родес Стампа.

Филиппин өкмөтү 138 адам курман болгонун ырастап, жүздөгөн адамдардын дареги жок экенин маалымдады. Эл аралык "Кызыл чырым" уюмунун билдиришинче, тайфундан 1200дөн ашуун адам зобун болду. 800 миңден көп адам коопсуз жайларга көчүрүлүп, чатырларда баш пааналашууда. “Хаян” тайфуну Вьетнмады көздөй багыт алууда.
XS
SM
MD
LG