Буга байланыштуу президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын жаштарына куттуктоосун жолдоду. Мамлекет башчы эгемен Кыргызстанга дагы болгону 22 жыл толгонун белгилеп, бул курак келечекке жаңыдан кадам шилтеген учур болорун, өлкө демилгечил, билимдүү, иштерман жана мекенчил жаштардын колдоосуна муктаждыгын билдирген. Ошондой эле саясатта жана экономикада улуу муундун ордуна жаңы жаш, жигердүү элита келүүгө тийиштигин белгилеп, жаштарды өз кызыкчылыгы үчүн мыйзам бузууга түрткөн саясатчылардын, саясий күчтөрдүн куралы болбоого чакырган. Президент Атамбаев жаштарды өлкөнүн тынчтыгын жана туруктуулугун чогуу сактап, Кыргызстанды заманбап, өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошууга болгон күч-аракетти жумшоого 22 жыл гана үндөйт.
Жаштардын жана илимдин эл аралык күнү Кыргызстанда бир нече жылдан бери белгиленет. Бул күнү адатта илимий жана чыгармачыл жаатта өзүн көрсөтө алган жаштарга түрдүү мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылып келген. (ZKo)