Памир кыргыздарынын лидери Рахманкул хан тууралуу “Азаттыктын” кабарчысы Жаңыл Жусупжан тарткан даректүү тасма келе жаткан аптада ЭлТР коомдук телеканалынан жалпы көрүүчү журтка тартууланат. Бул тууралуу тасманын автору Жаңыл Жусупжан билдирди. Фильм “Улуу Памир” деп аталып, анда өткөн кылымда Памирден алгач Пакистанга, андан Түркияга оогон памирлик кыргыздар, алардын жол башчысы тууралуу баяндалат.
Тарыхый маалыматтар боюнча Рахманкул Жапаркул уулу 1913-жылы Мургабдын Медиян аймагындагы Тамчы-Жар кыштоосунда туулган. Рахманкул кыргыздардын ханы гана эмес, бүт Бадахшанга таанымал инсан болгон. Ооган кыргыздарын 40 жыл бийлеген Рахманкул хан Кабулда да сый-урматка ээ болуп, аны ооган бийликтери таасирлүү эл башчы катары билишкен. Рахманкул ооган шахынан тартып, өкмөт министрлери, чет элдик дипломаттар менен иштиктүү, сый мамиле түзгөн деп айтылат.
8-ноябрь күнү Бишкекте Рахманкул хандын 100 жылдык мааракеси белгиленип, ага расмий бийлик өкүлдөрү, тарыхчылар, Рахманкул хандын урпактары катышты.(ZKo)