Бул тууралуу сүйлөшүүгө кыргыз өкмөтү тараптан катышкан юстиция министри Алманбет Шыкмаматов “Азаттыкка” билдирди. Министр сүйлөшүүлөр татаал болгонун белгиледи. 7-8-ноябрда өткөн сүйлөшүүлөрдө “Центерра Голд” компаниясынын президенти Ян Аткинсон, компаниянын директорлор кеңешинин башчысы Стивен Ланг баштаган беш киши, кыргыз тараптан өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген тиешелүү кызматкерлер жана ошондой эле эл аралык кеңешчилер катышты. Юстиция министринин айтуусунда “Центерранын” жетекчилиги компаниянын акционерлери жана директорлор кеңешинин мүчөлөрү Кыргызстанды арбитраждык сотко берүүнү сунуштап жатышканын билдирип, эгер кандайдыр бир деңгээлде келишимге жетишилбесе, анда арбитраждык сотко кайрылуудан башка айла жок каларын айтышкан. Өз кезегинде аларга жооп кайтарган өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев “Центерра” менен сүйлөшүүлөрдөн натыйжа болбосо, кыргыз өкмөтү да арбитраждык сотко кайрыларын айтты.
Бул жолу Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча тараптар бир келишимге келе алышкан жок, алдыда сүйлөшүүлөр дагы уланмакчы.(ZKo)
Бул жолу Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча тараптар бир келишимге келе алышкан жок, алдыда сүйлөшүүлөр дагы уланмакчы.(ZKo)