Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:51

Филиппиндеги тайфундан 10 миңдей адам апаат болгону айтылууда


Ырасмий адамдар “Хаян” тайфуну каптаган бир гана чөлкөмдөгү жоготуулар 10 миң адамга жетүүсү мүмкүн экенин айтышууда. Маалымат булактары, Филиппин полициясынын мартабалуу офицери Элмер Сорияга шилтеп, ортолуктагы Лейте провинциясында топон суу каптап жана кыйрандыда калып, аз дегенде 10 миң адам набыт болгонун кабарлашты. Мындай маалыматты улуттук өкмөт тастыктай элек. Самар аралында 300 адам өлгөнү жана 2 миң адам дарексиз экени ырасмий кабарланды. Филиппиндин тарыхындагы эң кубаттуу тайфунь жума күнү ортолуктагы алты аралды жайпап өткөн. Саатына 275 чакырым ылдамдыкта жорткон шамал 5-6 метр бийик толкунду айдап келген.

XS
SM
MD
LG