Ирандын талаштуу ядролук программасы боюнча Женевадагы үч күндүк сүйлөшүүдө тараптар мунасага келбеди. Франциянын тышкы иштер министри Лорент Фабиус чечилчү суроолор калгандыктан келишим мүмкүн болбогонун жекшемби күнү таң эртең билдирди: “Женева жыйыны бизге алдыга жылганга өбөлгө берди. Бирок кээ бир чечилчү суроолор болгондуктан, бир бүтүмгө келе албадык.”
Бул сүйлөшүүгө Иран жана АКШ, Британия, Кытай, Орусия, Франция, ошондой эле Германия катышты. Эми сүйлөшүү 20 ноябрда болот деп боолгонууда.
Ирандын президенти Хасан Роухани өлкө ядролук укугунан, анын ичинде уранды байытуудан баш тартпасын айтып, “бул маселеде аттап өтпөчү кызыл сызык бар” деди. Роухани Ирандын ядролук укугуна – эл аралык нормага ылайык, “Иран жеринде уран байытуу да кирет", - деди. Ал мындай билдирүүнү бүгүн Иран парламентинде жасады.
Батыштын бакубат өлкөлөрү Иран атомдук бомбанын үстүнөн тымызын иштөөдө деп шектенишет. Ирандын ырасташынча, бул программа тынчтык максатын гана көздөйт.