Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:21

Аксы аэропортсуз калышы мүмкүн


Кербен аэропортунун спутниктен көрүнүшү, Аксы району, Жалал-Абад областы.
Кербен аэропортунун спутниктен көрүнүшү, Аксы району, Жалал-Абад областы.
Жалал-Абад областындагы 250 миң калкы бар Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондорун тейлеген Кербен аэропортундагы мүчүлүштүктөрдү жоюуга Жарандык авиация агенттиги Манас эл аралык аба майданына тапшырма берди.

Мурдагы Караван аэропортунун конуу тилкеси оңдолбой, учуу коопсуздук талаптарына жооп бербесе ал аба майдан толугу менен жабылышы мүмкүн. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жарандык авиация агенттигинин директорунун орун басары Мураталы Токтобеков кабарлады.

Аксы районундагы Кербен шаарчасына быйыл 1-марттан тарта аба каттамдар аткарыла баштаган. Кербенден жумасына бир ирет Бишкекке жана областтын борбору Жалал-Абад шаарына "Скай Бишкек" авиакомпаниясынын швециялык Сааб–340А үлгүсүндөгү 33 жүргүнчүлүк самолёт уча баштаган. Бирок бул рейс бир каттамдан кийин токтогон.

Өзбекстандын Наманган областына караштуу Жаңы-Коргон району менен чектеш Караван шаарчасына 2008-жылы "Эйр Кыргызстан" авиакомпаниясынын АН–24 учактары менен өлкөнүн жетекчилигинин сунушунун негизинде аткарылган. Билеттин баасы 1000 сом болчу.

Аксыдагы аэропорт 1982-жылы курулган жана Сары-Челек көлүнөн бир саат алыстыкта жайгашкан. Советтер Союзу доорунда Бишкекке, Жалал-Абага, Ошко, Ала-Букага жана Каныш-Кыяга учактар такай каттачу.

Кербен аба майданы деңиз деңгээлинен 1280 метр бийиктикте жайгашкан жана узундугу 1740 метр болгон учуу-конуу тилкесине ээ. Аба майдандын жүргүнчү өткөрүмдүүлүгү саатына 50 адам жана тилкеси 22 тоннага чейинки учактарды жарык маалда гана кабыл алууга жарамдуу болуп салынган.

Андан тышкары Жалал-Абад областына караштуу Чаткал районундагы Каныш-Кыя аба майданын кайра ишке киргизүү сунушун 2012-жылдын октябрында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев айткан эле. Тогуз-Торо районундагы Казарман жана Баткен шаарындагы аэропортторду оңдоо тапшырмасы "Манас" эл аралык аба майданына жүктөлдү. Ошондой эле коопсуздук талаптарына ылайык келбегени үчүн Талас аэропортунун лицензиясы убактылуу алынды. (BAz/KE)

XS
SM
MD
LG