Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Улуттук телеканалдагы “Өкмөттүк саат” берүүсүнө курган маегинде Кумтөрдүн маселеси сүйлөшүү жолу менен гана чечилиши керек деп билдирди. Өкмөт башчы учурда Кумтөр алтын кенин иштетүүдө “Центерра” менен 50\50% үлүштүк келишимдин үстүндө кайра иштеп жатышканын айтты:
- Азыр 50\50% деген келишимдин үстүндө иштеп жатабыз. Бардык жакшылаткан шарттарыбыз менен кайра Жогорку Кеңешке беребиз. Жактырбаса, анда айла жок. Бирок депутаттар өздөрү да айтып атышат “денонсацияга барбаш керек, андай сөздү колдонбогула” деп. Башка жол жок экен, келишимден чыгып, денонсацияга барышыбыз керек. Бул жол Кыргызстандын жолу эмес деп айта алам, экономикалык жол эмес.
Өкмөт башчынын маалыматы боюнча Кумтөр алтын кенинде иштеп жаткан үч жарым миң кишинин 90% кыргызстандыктар, ошондой эле ишканага кызмат көрсөткөн 708 ишкана бар. Эгер кен иштебей калса, эң ириде ал өзүбүзгө зыян болот, азыркы биз сунуштап жаткан 50\50% үлүштө Кыргызстан 67%дан көп акчалай пайда көрөт деди Жантөрө Сатыбалдиев.
Өткөн жумада премьер-министр жетектеген өкмөт мүчөлөрү канадалык “Центарра голд” компаниясынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Канадалыктар кыргыз парламенти талап кылып жаткандай Кыргызстандын үлүшүн 67% көтөрө албасын, андай болсо эл аралык сотко берерин билдирген. Өз кезегинде өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев аларга жооп кылып, соттошуудан Кыргызстан да качпасын, өкмөт парламенттин токтомун аткаруудан баш тартпасын айтканын сүйлөшүүгө катышкан юстиция министри Алманбет Шыкмаматов “Азаттыкка” билдирген болчу.(ZKo)