Чүйдүн Ысык-Ата районунда өрт кырсыгында бир адамдын өмүрү кыйылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекиловдун "Азаттыкка" айтымында, 10-ноябрда Кант шаарынын Пушкин көчөсүндөгү №14 үйдө өрт чыккан. Кырсык болгон жерден үйдүн ээси, 36 жаштагы Сергей Тарановдун сөөгү табылган. Куткаруучулардын айтымында, кырсыкка электр энергиясын колдонуудагы этияттык эрежелеринин бузулушу себеп болгон. Соңку бир сутка ичинде Кыргызстандын аймагында 24 өрт кырсыгы катталды. (RK)