Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:00

Төрөт үйүнөн уурдалган ымыркай табыла элек


Бишкектин №4 төрөт үйүнөн уурдалган ымыркай дагы эле табыла элек. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Бишкек милициясынан кабарлашты. Тергөө, издөө иштери Кылмыш кодексинин "адам уурдоо" беренеси боюнча козголгон иштин негизинде жүрүп жатат. Ымыркай өткөн айда туулган. Энеси операция болуп, башка ооруканада жаткандыктан аны төрөт үйүндө багып жатышкан. Баланы жаткан жеринен 5-октябрда таппай калышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG