Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:01

Чүй: Жоголгон баланы каналдан издеп жатышат

Чүйдүн Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылынын кичинекей тургуну 6 жаштагы Нурсултан Медербеков дагы эле дайынсыз жок болууда. Ушу тапта аны суучулдар Ново-Покровка менен Аламүдүндүн чектеш жеринен өткөн чоң каналдан издеп жатышканын "Азаттыкка" Чүй милициясынан кабарлашты. Жакындардын айтуусунда, бир үйдө жашаган Нурсултан Медербеков менен 12 жаштагы Ырыскелди Шаботоевди акыркы жолу 3-ноябрда айылдагы №13 мектептин короосунан чоочун эркек менен көрүшкөн. Ал эми милиция балдар каналдын үстүндөгү түтүктөн өтүп жатканда сууга түшүп кеткен болушу мүмкүн деп божомолдоп жатат. Жоголгон балдардын бири Ырыскелди Шаботоевдин сөөгү 9-ноябрда Аламүдүн-1 кичи районундагы каналда калкып чыгып калган. Соттук-медициналык экспертиза ага карата күч колдонулбаганын, ал сууга чөгүп жан бергенин аныктаган. (RK)
Куржундар
XS
SM
MD
LG