Апрел окуясы боюнча соттолуучулар ишти карап жаткан сотко видеотасма көрүүнү сунуштады. Алгач айыптоочу тарап ал тасма соттолуучулардын пайдасына монтаждалган болушу мүмкүн деген жүйөө келтирип, ортодо талаш чыккан болчу. Жыйынтыгында ал видеотасма сотто көрсөтүлмөй болду. 2010-жылдын апрел окуясында токсонго жакын адамдын өлтүрүлүшү боюнча жыйырмадан ашуун киши соттолууда. Тизменин башында мурунку бийлик төбөлдөрү бар. Бирок алар өлкөдөн чыгып кеткенине байланыштуу сыртынан соттолууда. Жараянга негизинен УКМКнын "Альфа" атайын бөлүгүнүн аскерлери соттолуучу катары катышууда. (RK)