Ош шаарында бир жеке ишкердин 4,5 миллион доллары уурдалганын бүгүн "Азаттыкка" Ош милициясынын маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди. Анын айтымында, окуя ноябрдын онуна караган түнү болгон.
Маалыматка караганда, бул түнү Ош аэропортунда Кара-Суу районунда жашаган жеке ишкер кол салууга кабылып, төрт киши анын колундагы эки баштыкты ала качкан. Жабыркаган жарандын айтымында, баштыктардын ичинде 4,5 миллион доллар болгон. Ал кол салгандардын артынан кубалап барып, бирөөнүн машинасын токтотууга үлгүргөн. Милиция окуя болгон жерден кылмышкерлердин бирөөнү кармап калган. Ал Көк-Жаңгак шаарынын 29 жаштагы тургуну болуп чыкты. Анын колундагы баштыктан 1,1 миллион доллар чыккан, калганы качып кеткендер менен кошо кеткен. (RK)