Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:19

Мурда эки жолу соттолгон судья ишинен алынды


Мурда эки жолу түрдүү кылмыштар үчүн соттолуп, кийин өзү сот болуп иштеп калган Муратбек Асанов кызматтан алынды. Тиешелүү жарлыкка бүгүн мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койду. Президенттик аппараттын маалымат саясат бөлүмүнөн кабарлашкандай, мындай чечим өлкө жетекчиси тарабынан Соттор кеңешинин сунушу жана тиешелүү мыйзамдар негизинде кабыл алынды. Асановдун мурда соттолгону тууралуу маалымат Жогорку Сотко 5-сентябрда келип түшкөн. Бул боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, чындыгында эле Асановдун мурда эки ирет соттолгону аныкталган. Мунун негизинде Жогорку Сот төрайымы 10-октябрда Соттор кеңешине аны мөөнөтүнөн мурда кызматтан алуу боюнча өтүнүч жолдогон. Коомдук иликтөөлөр институтунун маалыматында, Аскер сотунун судьялыгына быйыл жазында дайындалган Асанов мурда уурулук жана бейбаштык беренелери боюнча эки ирет соттолгон. (RK)

XS
SM
MD
LG