Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:32

Домодедово жардыруусу боюнча өкүм чыкты


Домодедово жардыруусу үчүн айыпталган 4 кишинин үчөө өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылды. Москванын райондук соту бир туугандар Ислам жана Илез Яндиевдер, Башир Хамхоев жана Ахмед Евлоевди терроризм, адам өлтүрүү, бандитизм жана башка беренелер боюнча айыптуу деп тапты. Яндиевдер менен Хамхоев өмүр аягына чейин кесилди. Аэропортту жардырган жан кечтинин бир тууганы Евлоев анын пландары жөнүндө эч нерсе билбегенин сотто айтты.

2011-жылдын 24-январында Магомед Евлоев Домодедовонун ичинде бомба жардырып, аны менен кошо 37 киши мерт кеткен, 172 киши жарадар болгон. Тергөөчүлөр кол салуунун артында чечен козголоңчуларынын лидери Доку Умаров турат деп ырасташууда.

XS
SM
MD
LG