Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:14

Текебаев: Кумтөрдө убада кылынган 50% үлүш жок нерсе


“Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев “Азаттыкта” Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча талкуу учурунда айтканына караганда, кыргыз өкмөтү менен “Центерра голд” компаниясы түзгөн Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча 50/50 пайыздык үлүш тууралуу маалыматтар так айтылбай жатат . Анын айтуусунда, канадалык ишкана эч качан Кумтөрдөгү өзүнүн үлүшүн 51% кем кылбайт:

- Аларда 51% акция турганда Кумтөр алардыкы болуп эсептелет, “Центерранын” акциясынын дүйнөдө баркы болот. Эгер 50% түшүп калса, алардын акциялары пул болбойт. Ошондуктан, алар макул болбойт. Азыр алардын Кыргызстан менен 50/50% үлүшкө макул болдук деп атканы калп, азыр алар 46% гана макул. Анткени алар калган 4% акцияны Кыргызстан 100 млн. долларга сатып алгыла дешти. Аны бүгүн эле сатып алып койсок болот, бирок ага мүмкүнчүлүк беришпейт. Алар ошол 4% акцияны он жылдан кийин гана ала аласыңар деп атышат. Он жылдан кийин Кумтөрдө алтын эмес, ташбалакет калбайт.

Өмүрбек Текебаев кыргыз өкмөтү Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча “Центерра” менен келишимди бир тараптуу жокко чыгарууга тийиштигин кошумчалады.
Өткөн айда кыргыз өкмөтү менен “Центерра голд” компаниясы Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча 50/50 пайыздык үлүштө биргелешип иштетүү тууралуу меморандум кабыл алган. Жогорку Кеңеш бул меморандумду жокко чыгарып, Кыргызстандын үлүшүн 67% кем кылбоо талабы менен өкмөткө 23-декабрга чейин мөөнөт берген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG