Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:53

Тажикстанда жер титирөөдөн үйлөр урады

Тажикстанда күчү 5 баллга жеткен жер титирөөдөн 100дөн көп турак жай урап калды. Дагы жүздөгөн үй жарым-жартылай керектен чыкты. Жекшемби күнкү зилзаланын очогу борбор шаар Душанбеден 26 километр алыстыкта. Өзгөчө Вахдат айылы жабыркаганы кабарланууда. Ал жерде 256дөй турак-жайга зыян келтирилди. Курман болгондор тууралуу маалыматтар жок. Баш калаада силкинүү күчү 4 балл болду.
XS
SM
MD
LG