Кыргызстандык 20 жаштагы сүрөтчү Ирина Гоголь Британияда өткөн көркөм адабий сынакта иллюстрация категориясында экинчи орунга ээ болду. Конкурс Борбор Азия китеп форумунун алкагында өттү. Бул тууралуу "Азаттыкка" сынакты уюштурган "Хартфордшир Пресс" басмаканасы маалымдады.
Иранын айтымында, америкалык жазуучу Рей Бредберинин "Деңиз үлүлү" чыгармасы түрткү берген. Учурда Москвада тамак-аш өнөр-жайын окуп жаткан кыргызстандык сүрөтчү кыз дал ушул чыгармага иллюстрация тарткан.
Космодүрбү менен жылдыз санаганды жакшы көргөн Ира төрт жашынан бери суу боёк, акрил, гуашь жана май боёктор менен сүрөт тартат.
Борбор Азия китеп форуму 7-ноябрда Лондондо кыргыз элчилигинин колдоосу менен башталып, бүгүн Кембрижде соңуна чыгат. (BAz)