Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:33

Жашыруун иштеп жаткан кумаркананын ишине бөгөт коюлду


УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы өткөн жумада Бишкектеги Манас көчөсүнөн жашыруун иштеп жаткан казинону аныктап, ишине бөгөт койду. Атайын операция учурунда кумарканада 30 чакты оюнчу болгон, алардын он беши Кытайдын жарандары.

Кумарканада жалпысынан 9 үстөл иштеп, тинтүү учурунда 100 миң долларлык оюн фишкалары жана 300 АКШ доллары, 6 миң сом алынган. Бул факты боюнча УКМКнын Антикоррупциялык кызматы жана Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат кылмыш ишин козгоду. Маалыматка ылайык, жашыруун казино Т. Зазазиев аттуу жаранга таандык. УКМК кызматкерлери тарабынан Зазазиев мурдараак мыйзамсыз курал сактагандыгын жашыруу максатында ушул эле кызматтын өкүлүнө пара сунуштап жаткан жеринен кармаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG