Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:27

Биринчи дүйнөлүк согуштун бүткөнүнө 95 жыл


АКШда “Ардагерлер күнү” деп белгиленген 11-ноябрь расмий эс алуу күнү. Буга байланыштуу президент Барак Обама Ак үйдө ардагерлер алдында сүйлөгөн сөзүндө 1-дүйнөлүк согушта жумшалган күч Американын кубаттуу өлкө болушуна чоң салымы бар экенин белгиледи. Ал ошондой эле мамлекеттик бюджеттин тартыштыгына карабай согуш ардагерлерин ар тараптуу камсыздоого аракет жасаларын айтты.

Францияда бул күн “Элдешүү күнү” деп аталып, мекенди коргоочуларга арналган жүрүштөр болду. Президент Франсуа Олланд Париждеги Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүлчамбар койду. Англияда жарандар Биринчи дүйнөлүк согуштун жана согуш курмандыктарын бир мүнөттүк жымжырттык менен эскеришти. 11-ноябрда саат 11де Лондондогу негизги аянтта кыймыл токтоду.

Биринчи дүйнөлүк согуш 1914-жылдан 1918-жылга чейин созулуп, 16 млн. ашуун кишинин өмүрүн алып кеткен. Бул согуш Оттоман, Орусия, Пруссия жана Австро-Венгрия империяларынын талкалануусуна алып келген.

XS
SM
MD
LG