Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:23

Отунбаева фонду балдарды балет дүйнөсүнө саякатка чакырат


Бишкек шаарынын кичинекей тургундары жана ата-энелери үчүн балет боюнча атайын лекция өтмөй болууда. Аны "Роза Отунбаеванын демилгелери" эл аралык фонду уюштурууда. Абдылас Малдыбаев атындагы Улуттук академиялык опера жана балет театрынын машыгуу залында искусство таануучу Екатерина Лузанова балет бийинин түрлөрү тууралуу айтып берет. Ал эми балетмейстер Акан Нуртазин менен артисттер Асел Айдарова жана Талант Осмонов көрүүчүлөргө өз өнөрүн тартууламакчы. Балет дүйнөсүнө саякатты Отунбаева фонду жаштарды маданият, классикалык искусство менен жакындан тааныштыруу максатында уюштурууда. Буга чейин Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштарда жана башка аймактарда жашаган балдар үчүн классикалык музыка концерттери, түрдүү мастер-класстар уюштурулган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG