Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:41

Оторбаев: Бажы биримдигине талапкерлер үчүн фонд керек


Бажы биримдигине кирүүгө талапкер, бирок кирешеси аз өлкөлөр үчүн колдоо фондун түзүү керек. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө байланыштуу маселени талкуулаган жыйында биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди. Жыйынга Кыргызстан менен Орусиянын өкмөт өкүлдөрү жана Бажы биримдигине мүчө өлкөлөрдүн ири ишкерлери катышты. Бажы биримдигине Орусия, Казакстан жана Беларус кирет. 2014-жылдын аягына чейин бул уюмга Кыргызстандын да кирүүсү боюнча жол картасы иштелип чыгышы керек. Талдоочулар арасында Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуусунун пайда-зыяны тууралуу азырынча бирдей пикир жок. Бирок кирүү боюнча саясый чечим бар. (RK)

XS
SM
MD
LG