Ош шаарынын чет жакасынан орун алган жаңы конуштардын биринде чакан бейтапкана курула баштады. Бул тууралуу бүгүн "Адам укуктары боюнча эдвокаси борбор" уюмунан кабарлашты. "Жибек жолу" аймактык кеңеши эки жарым жыл мурда түзүлгөн. Ага инфраструктурасы өтө начар үч квартал кирген. Быйыл жазында аймактык кеңештин мүчөлөрү жыйын куруп, Евразия фонду бөлгөн акчага фельдшердик-акушердик пункт ачуу чечимин кабыл алган. 86 миң сомду жергиликтүү тургундар өзүлөрү чогултту. Евразия фонду 432 миң сом бөлүп берди. Каржылык жардам мэриядан жана депутаттардан да тийди. (RK)