Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:40

Өзбекстанда дагы беш телеканал жабылды


Бейөкмөт телеканалдардын түйүнү деп аталган уюмдун лицензиясы тартылып алынганын “Азаттыктын” өзбек редакциясына түйүндүн атын атагысы келбеген расмий өкүлү кабарлады. Мунун айынан ага караштуу беш телеканал ишин токтоткон.

Расмий өкүл үч апта мурун телеканалдар түйүнүнүн башчысы Фирдавс Абдухоликовду “акчаны натуура иштеткен” деген айып менен тергөөгө ала башташканын, азыр ал кишиден дайын жоктугун кабарлады.

Фирдавс Абдухоликов президенттин кызы Гүлнара Каримова менен тыгыз мамиледе болгону айтылып жүрөт. Өткөн аптада Каримовага караштуу үч радио жана төрт телеканал жабылган. Каримова өзү анын каналдарын каржылаган Terra Group медиа холдингинин банктагы эсептери камакка алынганын айткан болчу.

XS
SM
MD
LG