Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Бууракан айылында электр энергиясы калыбына келтирилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекиловдун "Азаттыкка" айтымында, 11-ноябрдын кечинде суу аралаш жааган кардын калыңдыгы 25-30 сантиметрге жетип, төрт даана электр мамысы керектен чыккан. Жалпы узундугу 500 метрлик электр чубалгысы үзүлүп, 475 түтүн электр жарыгысыз калган. Кырсыктын кесепети бүгүн түштөн кийин жоюлду. (RK)