Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:08

Болгарияда өкмөттүн отставкасын талап кылгандар менен полиция кагылышты


Софиядагы тополоңдо жаракат алган митингчи, 12-ноябрь, 2013
Софиядагы тополоңдо жаракат алган митингчи, 12-ноябрь, 2013
Болгарияда бүгүн полиция өкмөттүн таркатылышын, эрте шайлоо өткөрүүнү талап кылган демонстранттар менен кагылышты. Негизги бөлүгүн студенттер түзгөн бир нече жүз демонстрант Софияда депутаттарды парламентке киргизбеш үчүн катары менен кол кармашып туруп алышкан. Митингге чыккандар полициянын машинелерин өткөрбөш үчүн таштанды жашиктерин оодарышкан. Полиция аларды күч менен таркатканда бир нече адам жаракат алды.

Социалисттик өкмөттү коррупциялашкан бизнесмендер менен байланышта деп айыптаган демонстранттар министрлердин отставкасын талап кылып, беш айдан бери аянтка митингге чыгып келишкен. Студенттер болсо бир нече шаарлардагы университеттерде нааразылык акциясын уюштурушту. Буга чейинки өкмөт да быйыл жыл башында ушундай эле нааразылыктардан кийин иштен кеткенге мажбур болгон.
XS
SM
MD
LG