Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:34

Аткезчилик кылууга көмөктөшкөн жаранга кылмыш иши козголду


Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн “Азаттыкка” билдиришкени боюнча, Өзбекстандан Кыргызстанга мыйзамсыз жүк алып өтүүгө көмөктөшкөнү үчүн Айдаркен шаарынын тургуну кармалып, камакка алынды. Ал эми Өзбекстандан Кыргызстанга пахта алып чыгып, сатууга аракеттенген жарандын үстүнөн өзбек тарап өзү кылмыш ишин козгогонун өзбек чек арачылары облус бийлигине кабарлашкан.
Учурда аймакта абал тынч, Сох анклавы аркылуу транзиттик каттам кадимкидей жүрүүдө.

Кечээ Баткендин Кыштут айылында кыргыз чек арачылары өзбек жаранына таандык жеңил унаанын ичинен пахта түктөрүн кыргызстандык жарандын короосуна түшүрүп жатышканын байкап, кармап алышкан. Аткезчиликке бөгөт коюу максатында чек арачылар кармалган өзбекстандыкты машинасын айдатып "Бел" тозотуна алып баратканда ал өзбек тарапка качып кетүүгө аракеттенген. Ошол жерден өзбекстандык тургундар кыргыз аскерине күч колдонуп, колундагы куралын алып, өзүнө кол көтөрүшкөн. Башка чек арачылардын жардамы менен аскер ооруканага жеткирилген, азыр абалы жакшы. Кыргыз-өзбек чек арачыларынын сүйлөшүүлөрүнөн кийин өзбек тарап тартылып алынган куралды кайра кайтарып берген.(JsA/ZKo)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG