Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:30

Украина: Тимошенко президентти айыптады


Камакта жаткан экс-премьер Юлия Тимошенко өзүнүн адвокатына карата кылмыш ишинин козголушунун артында президент Виктор Янукович турат деп айтып чыкты.

Экс-премьердин билдирүүсүн шейшембиде журналисттерге анын кызы окуп берди. Анда Тимошенко президент Янукович Власенкону куугунтуктоо менен Украинанын Евробиримдикке кошулуу тилегин таш каптырып жатат деп билдирген. Адвокат Сергей Власенко мурдагы аялын сабаган деген шек менен дүйшөмбүдө Башкы прокуратурага сурак берген болчу.

Украина Евробиримдикке ушул айдын аягында кирүүнү үмүт кылууда. Евробиримдик болсо Януковичтен кол коюудан мурун Тимошенконун ишин чечүүнү талап кылууда.

XS
SM
MD
LG