Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:40

Зомбулукка кабылган балдар боюнча жаңы долбоор иштей баштайт


Кыргызстанда зомбулукка кабылган балдарга жардам көрсөтүү максатында жаңы долбоор иштей баштайт. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" UNICEF уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Мавлюда Жапарова билдирди. Анын айтымында, Британия өкмөтү бул долбоорду ишке ашыруу үчүн каражат бөлүп бермей болуп жатат. Бир жарым жыл ичинде зомбулуктан кор болгон балдарга жардам көрсөтүү, мындай көрүнүштөрдү алдын алуу боюнча иш-чаралар өткөрүлүп турмакчы. Балдардын укугун коргоочулардын айтымында, соңку кезде Кыргызстанда балдарга карата зомбулук күч алууда. (RK)

XS
SM
MD
LG