Украина парламенти чукул сессиясын аяктады. Бирок мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенкого Германияда дарыланууга уруксат берүү тууралуу жобо боюнча депутаттар мунасага келе алышкан жок. Президент Виктор Януковичтин "Региондор партиясы" менен оппозиция өкүлдөрүнөн куралган жумушчу топ жобонун тексти боюнча бир пикирге келе албай, сессия жабык деп жарыяланды. Чукул жыйынга Евробиримдиктин чабармандары Александр Квасниевский жана Пэт Кокс катышты. Биримдик Тимошенкону бошотуу тууралуу чечим 13-ноябрга чейин кабыл алынбаса, ушул айдын аягындагы саммитте Украина менен кеңири кызматташтык тууралуу келишимге кол коюлбай калышы мүмкүн деп эскерткен.
Экс-премьер кызматынан кыянат пайдаланган деген айып менен 7 жылга түрмөгө кесилген. Батыш анын ишин саясий себптер менен байланыштырууда. Жана Тимошенкону дарылануу үчүн Германияга коё берүүнү талап кылган.