Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:49

Майыптар мэрге нааразы


Бишкекте жаңы салынган жолдор майыптар үчүн ыңгайсыз. Бул тууралуу бүгүн Майыптардын укугун коргоо боюнча республикалык уюм атайын билдирүү таратты. Анда президент Алмазбек Атамбаев да, мэр Иса Өмүркулов да майыптардын укугун коргоо убадасын бергени менен иш жүзүндө башкача болуп жатканы айтылат. Мисал катары бүгүн оңдолуп бүткөн Сүйөркулов көчөсү келтирилген. Уюмдун өкүлү Үкөй Мураталиеванын "Азаттыкка" айтымында, светофор турган жерден коляска менен кыйналбай өтүү үчүн өйдө-ылдый жерлердин бурчу асфальт менен толтурулушу керек:

- Бордюрдан асфальт жолго түшкон жерлерди жалпайтып коюш керек. Ошондо майып адам кулап түшпөй, тынч өтө алат.

Үкөй Мураталиева мындай мүчүлүштүктөргө мэрия башка жолдорду оңдоодо көңүл бурса деген каалоосун айтты.

Бишкек мэриясы буга байланыштуу өз түшүндүрмөсүн берди. Анда оңдоо иштери али толук бүтө электиги, алгач унаа жүрүүчү жол бүткөрүлгөнү, ал эми пандус, аялдамадагы отургучтар жана башка жабдуу 30-ноябрга чейин курулуп бүтөөрү айтылды. (RK)

XS
SM
MD
LG