Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:22

Польша Орусиядан кечирим сурады


Орусияга каршы акциядан бир көрүнүш, 11-ноябрь, 2013-жыл
Орусияга каршы акциядан бир көрүнүш, 11-ноябрь, 2013-жыл
Польшанын президенти Бронислав Коморовский Варшавадагы Орусияга каршы акция үчүн кечирим сурады. Польшанын ZET радиосуна курган маегинде мамлекет башчы андай окуяны “эч нерсе актай албайт, ал үчүн кечирим гана сураш керек” деди.

Дүйшөмбүдө Эгемендик күнүнө арналган жүрүш учурунда ашынган улутчулдар Орусиянын элчилигин таш баранга алып, кайтаруучунун будкасына өрт коюшкан. Айрымдары имараттын тосмосунан ашып өтүүгө аракеттенишкен. Полициянын маалыматына караганда, 72 киши камакка алынды. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Польшадан расмий кечирим суроону талап кылган.

XS
SM
MD
LG