Орусиянын Челябинск облусунда тажикстандык эки мигранттын сөөгү табылды. Маалыматтарга караганда, алар ур-токмоктон каза тапкан болушу мүмкүн. Тажикстандын Москвадагы элчилигинен билдиришкендей, 31 жана 22 жаштагы эки жарандын сөөктөрү Кайгородово деген шаарда кечээ табылган. Орусиянын тергөө комитети кылмышка шектелген жергиликтүү эки тургун кармалганын маалымдады. Болжол менен маркумдар металл уурдоого аракеттенишкенде сабалган.