Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:25

Евробиримдик Украинага мөөнөтүн узартты


Мурдагы премьер-министр, учурда камакта жаткан Юлия Тимошенконун тагдырын көзөмөлдөө миссиясын Евробиримдиктин 28-29-ноябрда Вильюнста боло турган жыйынына чейин мөөнөткө узартууну Европарламент шаршембиде чечти. Миссияны Польшанын экс-президенти Александр Квасьневский менен Европарламенттин мурдагы төрагасы Пэт Кокс жетектейт. Алар Украин парламентине эркинен ажыратылган адамдардын чет мамлекетке чыгып дарыланып келүүсүнө укук берүүчү мыйзамды кабыл алуу үчүн 14-ноябрга чейин мөөнөт беришкен. Эми Украин парламенти бул мыйзам долбоорун 19-ноябрда карамак болду, миссия башчылары анын кабыл алынышына 50% үмүт бардыгын айтышууда. Квасьневский 19-ноябрь Тимошенко маселесин чечүүдө акыркы шанс болот деди:

- Он тогузу акыркы үмүт болот. Евробиримдик миссиясы катары биз бардыгы өнөктөштөрүбүз менен сүйлөшкөндөй болот деп күтүүдөбүз. Бул саясий көз караштан караганда оор, бирок биз Украина Евробиримдикке кирүүсү үчүн бардыгы мунасага келишет деп үмүттөнөбүз.

Бул мыйзам кабыл алынса камакта жаткан экс-премьер Юлия Тимошенко Германияга барып дарыланып келүүгө мүмкүнчүлүк ала алат. Аталган мыйзам Украинанын Евробиримдикке кирүүсүнө жолдомо болчудай.

XS
SM
MD
LG