Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:36

“Кумтөрдөн” акча доолады делгендердин соту башталат


Жети-Өгүз районундагы Саруу айлынын тургундары Эрмек Жунушбаев менен Бахтияр Курмановдун ишин кароого Бишкектеги Биринчи май райондук соту бүгүн 14-ноябрда киришет.

Бул эки тургунга Кылмыш-жаза кодексинин “ири өлчөмдөгү мүлктү алуу максатында алдын ала сүйлөшүү жолу менен уюшуп акча талап кылуу” жана “Зомбулук, талкалоо, өрттөө, мүлктү кыйратуу, курал колдонуу жана бийлик өкүлүнө куралдуу каршылык көрсөтүү менен массалык башаламандыктарды уюштуруу” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Айыпталуучулардын адвокаты Эркин Булекбаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, тогуз томдук кылмыш ишинин ичине видеотасма да тиркелген. Бул видеотасма боюнча айыпталуучуларга "Кумтөр" ишканасынын өкүлү Дуглас Гриерден 3 млн. доллар талап кылды деген айып тагылган.

Соттук териштирүүнү судья Азамат Молдобаев жүргүзөт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG