Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:16

Кумтөр маселесине арналган тегерек стол болот


“Кумтөр маселесинде кыргызстандык элитанын саясий жоопкерчилиги” деп аталган тегерек стол 14-ноябрда Бишкекте болот. Ага тоо-кен тармагындагы көз карандысыз эксперттер, экономисттер, саясат таануучулар жана жарандык коом өкүлдөрү катышат.
Кыргыз өкмөтү Кумтөр алтын кенин 50/50 пайыздык үлүштө биргелешип иштетүү боюнча канадалык “Центерра голд” компаниясы менен меморандум түзгөн. Бирок аталган меморандум парламент кароосунан өтпөй, Жогорку Кеңеш Кыргызстандын үлүшүн 67% көтөрүү талабы менен өкмөткө 23-декабрга чейин мөөнөт берген. Өткөн жумада “Центерранын” башкы жетекчилиги Бишкекке келип, кыргыз өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү, бирок натыйжага жетише алган жок.(ZKo)

XS
SM
MD
LG