Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:01

Керри америкалык мыйзамчыларды сабырдуулукка чакырды


АКШ мамлекеттик катчысы Конгресс тарабынан Иранга жаңы санкция киргизүү аракети Тегерандын өзөктүк программасын тынч чечүү үчүн жүрүп жаткан дипломаттык аракеттерге жарака кетирүүсү ыктымалдыгын айтты.

Ал бул тууралуу бейшембиде Тегеранга жаңы айыптарды карап жаткан Сенаттын комитетинде жабык жыйында билдирди. Жон Керри АКШ жана ири державалар Ирандын уран байытуусун чектөөсүнө ага карата санкцияларды азайтуу менен жетишүү тууралуу убактылуу келишимди колдоп жатышканын кошумчалады.

Мурдараак Өкүлдөр палатасынын Тышкы иштер комитетинин жетекчиси, республикачы Эд Ройс “Иран өзөктүк программасын токтотпосо, эмне үчүн биз санкцияларды токтотуубуз керек? Өкмөт Конгресске басым жасаганы үчүн ганабы?” деп айткан эле.
Иран маселесинде Демократтар менен Республикачылардын пикири эки ача бойдон калууда.

XS
SM
MD
LG