Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:07

Милиция: Букаевди өзүнүн тааныштары өлтүргөн


Белгилүү алып баруучу Бакыт Букаевди анын тааныштары өлтүргөн. Окуя боюнча ушундай гана версия каралып жатканын бүгүн "Азаттыкка" Бишкек шаардык милициясынын маалымат катчысы Бакыт Сейитов билдирди. Анын айтымында, кылмышкер үйгө эшик аркылуу кирген, атайын даярданып келген. Учурда милиция Букаевдин жакшы тааныштарынын арасында сурак жүргүзүүдө. Шектүү катары эч ким кармала элек. Кылмыш иш козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Таанымал алып баруучу жана шоумен, 44 жаштагы Бакыт Букаевдин сөөгү 13-ноябрдын кечинде Бишкектин Жаш Гвардия жана Москва көчөлөрүнүн кесилишиндеги өзү жашаган батирден табылган болчу. Моюн жана төш жагынан төрт жолу бычак менен сайылганы, көкүрөгүндө тамекинин күйгөн тактары бар экени аныкталган. (RK)

XS
SM
MD
LG