Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:57

Адвокаттын сабалышы боюнча кылмыш иш козголо элек


Адвокат Икрамидин Айткуловдун сабалышы боюнча азырынча кылмыш иш козголо элек. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Бишкек милициясынын маалымат катчысы Бакыт Сейитов билдирди. Анын айтымында, Айткулов кечээ дароо реанимацияга жаткырылгандыктан өзүнөн көрсөтмө алуу мүмкүн болгон эмес. "Учурда тергөөчү ооруканада жүрөт. Ал келээр замат материалдар чогултулуп, кылмыш иш козголот. Алдын ала пикир боюнча, бул бейбаш адамдар тарабынан Айткуловдун акчасын, чөнтөк телефонун тартып алуу масктында жасалган кылмыш болушу мүмкүн. Бирок бул негизги версия эмес", - деди Сейитов.

Айткуловду 13-ноябрда кечки саат ондор чамасында үйүнүн жанынан белгисиз бирөөлөр сабап кетишкен. Дарыгерлер анын мээси чайкалып, буту сынганын билдиришти. Айткулов бийликке оппозициялык көз караштагы адамдардын адвокаты катары көбүрөөк белгилүү. (RK)

XS
SM
MD
LG